Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Британияда куштардын ылаңынан тотукуш өлдү


Карантинде жатып, жума күнү өлгөн тотукуш куштардын сасык тумоосуна чалдыкканы тастыкталды. Британ бийликтеринин маалымдашынча, тотукушка өтө коркунучтуу H5N1 вирусу жуккан экен. Бул вирустан Азияда соңку жылдары 60тан ашык адам каза болгон.

Евробиримдиктин эксперттери шейшемби күнү Брюсселде чогулушуп, уюмга мүчө 25 өлкөгө бакма канаттуулардын этин импорттоону тыйуу маселесин талкуулашат.

Хорватияда куштардын тумоосунан жапайы аккуу өлгөндөн кийин өлкө чыгышында илдетке чалдыккан 10 миң үй канаттуусу жок кылынды. Коңшулаш Черногорияда бакма куштар адам өмүрүнө коркунучтуу илдетке каршы текшериле баштады.

XS
SM
MD
LG