Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

Азербайжанда кырдаал курчуп барат


Бакуда оппозиция өткөргөн демонстрацияны таркатуу үчүн полиция күч колдонду. Полициянын маалымдашынча, акциянын он беш чакты катышуучусун камакка алды. Оппозиция жетекчилеринин ырасташынча, полиция 100гө жакын адамды кармап кеткен жана кагылышууда ондогон адамдар жарадар болгон. Алардын ичинде абалы оорлору да бар. Шаардын ортолугуна чогулган демонстранттар 6-ноябрда болчу парламенттик шайлоонун эркин жана калыс өтүшүн талап кылышты.

Кармалгандардын ичинде парламент мүчөлүгүнө талапкер Панах Гусейн да бар. Шаардык полициянын акими Панах Гусейн бошотулаарын маалымдады. Азербайжандын мыйзамына ылайык, депутаттыкка талапкерлер сот жообуна тартылбайт.

XS
SM
MD
LG