Саддам Хусейндин иши боюнча маанилүү күбө саналган Ысмайыл ас-Шейх кечээ Багдадда сотко көргөзмө берди. Саддам жана анын жети жакын жардамчысы 1982-жылдын июль айында, Саддамга каршы ишке ашпаган кутумдан кийин, Дужайл кыштагынын 148 шиит тургунун жок кылган деп айыпталууда. Ас-Шейх ал тушта Ирактын Мукбарат чалгындоо кызматынын тергөө бөлүмүн жетектеген. Жекшемби күнү Багдад, Тикрит, Бакуба жана башка жайларда козголоңчулардын чабуулунда кеминде 20 ирактык набыт болду.