Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Олег Оснаков өлкөдөн чыгарылды


БИШКЕК. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына доо кетирген мыйзам бузууларга баргандыгы үчүн жети пункттан турган негиздемеге ылайык, Израилдин атуулу Олег Оснаков Кыргызстандын аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу 24-октябрда Коопсуздук кызматынан кабарлашты. Негиздемелерге караганда, Кыргызстандагы саясий лидерлердин аброюна доо кетирген саясий макалалардын жарыяланышына Оснаковдун тикелей тиешеси болгон. Алардын катарында Баяман Эркинбаевге таандык саналган «Мен өлүмдөн коркпойм» аттуу макала бар. Мындан тышкары Оснаков «Вечерний Бишкек» гезитинин жетекчиси катары мыйзамсыз аракеттерди жасаган. Оснаковго байланыштуу иликтөөлөрдү жүргүзүүгө «Вечерний Бишкек» гезит жамаатынын арызы негиз берген. Олег Оснаков Кыргызстанда июнь айынан бери «Вечерний Бишкек» гезитинин куратору катары иштеп келген. Экс-президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө таандык гезит Александр Ким баштаган жаңы жетекчиликке өткөн соң, Оснаков маалымат жыйынын уюштуруп, бул жараянды баскынчылык катары баалаган. Маселени сот аркылуу териштирээрин, өзү болсо жаңы гезит чыгараарын билдирген.

XS
SM
MD
LG