Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Бишкек шаарык башкы ички иштер башкармалыгы түзүлдү


БИШКЕК. 24-октябрда премьер-министр Феликс Кулов “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин структурасын бекитүү” жөнүндөгү мыйзамдын негизинде “Толуктоолорду киргизүү” тууралуу өкмөттүн токтомуна кол койду. Токтомго ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Бишкек шаардык башкы ички иштер башкармалыгы болуп түзүлүп, анын жетекчиси Ички иштер министринин орун басарынын деңгээлинде иш алып бара алат. Премьер-министрдин ушул эле күнкү буйругу менен Молдомуса Конгантиев Ички иштер министринин орун басарлыгына, Өмүрбек Суваналиев Бишкек шаардык башкы ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине дайындалды. Ал эми Алымбай Султанов Ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду.

XS
SM
MD
LG