Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:59

Азербайжанда “кутумчу экс-министрлерди” камакка алуу улантылууда


Азербайжан президенти Илхам Алиевдин мурдакы жардамчысы Акиф Мурадвердиев жана өлкөдөгү эң зор химиялык компаниянын башчысы Фикрет Садыгов өкмөттүк кутумга катышты деп айыпталып, камакка алынды. Бийликтердин маалымдашынча, алар парламенттин мурдакы төрагасы Расул Гулиев жана башка ырасмий адамдар менен чогуу өкмөттүк төңкөрүштү даярдашкан. Мурдараак мурдагы финансы министри Фикрет Юсуфов, мурдагы экономикалык өнүгүү министри Фардак Алиев жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Али Инсанов камалган. Азербайжанда парламентке 6-ноябрда шайлоо болот.

XS
SM
MD
LG