Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Бүтүндөй системага каршы турган чыгаан Роза Паркc о дүйнө кетти


Кошмо Штаттардагы адам укугун коргоо кыймылынын демилгечиси, ынды кара аял Роза Парк 92 жаш курагында көз жумду. Роза айым 1955-жылы автобустагы ордун ак түстүү америкалык жаранга берүүдөн баш тарткан. Түштүктөгү Алабама штаттында болгон бул окуя кара түстүү адамдардын автобуска түшүүдөн массалык баш тартуусуна алып барган жана транспорт системасын актар жана каралар үчүн бөлүүгө түрткү болгон. Акыр аягында, 1964-жылы Жарандар укугу акты кабыл алынып, АКШдагы расалык теңсиздикке чекит коюлган.

Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Канаданын байтакты Оттавадагы визити учурунда Роза айым адам укугу үчүн күрөштүн пионери болгонун айтты:


–…жарандык укук кыймылынын пионери Роза Парк ошол күндөрдүн биринде оору эле жана ооругандан чарчап турган. Чарчагандан өз ордун берүүдөн баш тарткан. Анысы бүтүндөй муунду эркиндик үчүн күрөшкө түрттү.

XS
SM
MD
LG