Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Белгилүү америкалык укук коргоочу Роза Паркс дүйнөдөн кайтты


Америка Кошмо Штаттарынын Детройт шаарында кечээ күнү атактуу адам укуктарын коргоочу Роза Паркс 92 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал каралардын укуктарын коргоо ишин жаңы деңгээлге көтөргөн. 1955-жылы Алабама штатында Паркс автобуста баратканда, анын жанына ак адам келип, ордуңду бошот деп талап кылган, бирок Паркс турбай койгон. Ал кезде Алабама штатында актар үчүн бөлүнгөн орундарга каралардын отурууга укугу жок болчу. Кийин Паркс каралардын баарына кайрылып, автобуска таптакыр түшпөгүлө деп суранган жана көптөгөн адам автобустарды бойкоттоого киришкен. "Азчылык болгондуктан, күч колдонуу же башка орой аракет менен биз эч нерсеге жете албасыбызды билчүбүз. Ошондуктан биз күч колдонбогон жана мыйзам бузбоо аракеттери менен каршылык көрсөткөнбүз. Биз эч ким менен урушкан жокпуз. Биз жөн гана - бизге башка адамдарга катары мамиле кылмайынча автобустарга түшпөй койдук", - деп билдирген Паркс кийин. Акырында 1964-жылы Конгресс расалык кемсинтүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган.

XS
SM
MD
LG