Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:38

КАРООЛ УЧУНДА ТУРГАН КЫРДААЛ


«Өкмөт башчыбыз менен мыйзам чыгаруу бийлигинин башчысынын отставкага кетирилишин талап кылуу аракетин кыргыз бийлигинде жаралган саясий кризистин башаты катары кабыл ала берсек болот. Арабызды ажыдаардай аралап жүргөн үчүнчү күчтөрдүн үмүтү да ушул саясий кризис болчу», деп жазды Бишкектеги нааразылык жыйындары тууралуу шейшембидеги «Аалам» гезити.

«Бизди тынчсыздандырган маселе учур кырдаалы болуп туру. Окуя болуп кетти. Бирок анын арты эмне менен бүтөөрү али бүдөмүк. Жогорку Кеңешти курчаган эл премьер-министр Феликс Куловдун, спикер Өмүрбек Текебаевдин отставкасын талап кылууда. А эгер депутаттардын өз сөздөрү менен айтканда, эртең катардагы дагы бирөөнө ок кадалса анда кимдин отставкасы суралат? Чын-чынында отставкага дей турган болсок анда бүгүн президент да, премьер-министр да, УКК башчысы да, юстиция, ИИМ дегендин башчылары да толугу менен кетүүсү керек», деп жазат Кубаныч Зайнидинов 25-октябрдагы «Кыргыз руху» гезитинде.

«Атажурт коркунучта турат… арабыз ыдырап, граждандык согуш алдында тургандайбыз. Эгер бүгүн мыйзам диктатурасы орнобосо, башаламандык, өзүмбилемдиктер тыйылбаса, анда эртең Кыргызстан мамлекет катары жок болуп кетпейт деп эчким кепил бере албайт». Журналист Болотбек Таштаналиев «Коркунуч» деген макаласында ушинтип жазат.

25-октябрдагы «Эркинтоо» гезитинде Сымбат Максутованын «Чыркыраган чындык кайда?» деген макаласы жарыяланды.

«Азыркы учурда чындык чыркырап, «мени кайсыл тарап айгинелеп, жарыкка алып чыгат» деп чыдамсыздык менен күтүп турат. Бирок эки тарап тең өздөрүнүн айтканын туура деп эсептейт. Укук коргоо органдары депутаттын өлүмүнө ким күнөөлүү экендигин тезирээк тактоосу зарыл», деп жазат 25-октябрдагы «Кыргыз туусу» гезитинде Төлөнбай Абдыразаков.

«Бакиев Акматбаевдин айтканын аткарабы?» деп суроо коет 25-октябрдагы «Вечерний Бишкек» гезитинде Данияр Каримов. Бийлик баарын сүйлөшүү, ымалага келүү менен чечкиси келет.

«Биздеги демократия ушундай. Бирок аны ар ким өз алдынча түшүнөт», деп жазат макала автору. Рысбек Акматбаев парламенттик шайлоого катыша тургандыгын жарыя кылды. Бийликке ачык каршы чыккан Р. Акматбаев маалымдоо каражаттарынын көмөгү менен калк алдында белгилүү пикетчиге айланды. Эл алдында таанылам дегенде эки көзү төрт оппозициядагылардын кимиси болсо мындайга суктанышы турган иш, дейт макала автору.

Өзүнүн негизги максат-мүдөөсүн аягына чыгарбаган ыңкылап коомду кыйлага чейин козголтуп, чайпала берет. Кичине бир шылтоо чыкса эле тынчы кетип, улам-улам козголуп, коомдун жерпайын бошотуп турат. Ыңкылап аягына чыкпай калыштын азабын ошентип коомдун өзү тартат. Азыркы кыргыз ыңкылапчыларынын абалы ошондон турукташа албай, токтолго таппай турушу мыйзамченемдүү, деп белгилейт 26-октябрдагы «Республика» гезитинде саясий серепчи Алымбек Биялинов «Кыргызстандагы криминалдык-саясий кризис – алдыда эмне күтүп турат?» деген макаласында.

«Криминал өкмөт башчыга уруш ачты», деп жазды шейшемби күнкү «МСН» гезити.

Бу коогалаңдан эч ким утушка ээ болбойт, өлкөгө гана убал. Шаршембидеги «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгында Турат Акимов кош жыйындардын алдында калган Кыргызстандагы саясий абал тууралуу ой жүгүртөт. Автордун ырасташынча, саясий оюндун салакасын барып-келип эле карапайым адамдар тартышы мүмкүн.

Кыйладан бери чогула албай келген парламентчилер акыры жыйылып түзүлгөн кырдаалды талкууга алышканын шаршембидеги «МСН» гезити маалымдады. Кайсы бир уруунун же уруктун ортосундагы кандуу кагылыш жүрө-жүрө чоң урушка алып келгени тууралуу 26-октябрдагы «Республика гезитинде тарыхчы К. Кожомкулов «Кыргызча саясий террор» деген макаласында ой жүгүрткөн.
XS
SM
MD
LG