Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:50

1-ноябрдан тарта Кыргызстандын атуулдары Орусияга визасыз кире алышат


БИШКЕК. Орусия өкмөтү буга байланыштуу токтом кабыл алгандыгы жана аны тастыктаган нота тышкы иштер министрлигине келгендиги тууралуу маалымат 26-октябрда аталган министрликтен алынды. Токтомго ылайык, кыргызстандыктар Орусияга паспорттун, карточканын негизинде каттай алат. Мындан тышкары атуулдугун тастыктаган баракча коштолсо кыргызстандык адам туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен да Орусияга бара алат. «Мындай чечимдин чыгышына тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун сунушу негиз берди», - деп билдирди министрликтин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков. Буга чейин Кыргызстан Орусиялык атуулдардын Кыргызстанга визасыз киришин кепилдеген бир жактуу чечим кабыл алган болчу.

XS
SM
MD
LG