Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Адам укуктарын коргоо комиссиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча билдирүү таратты


БИШКЕК. «Биз кылмыштуу дүйнөнүн жетекчилери Азиз Батукаевди жана Рысбек Акматбаевди колдобойбуз. Биз Бакиев-Кулов тандемин колдоп, өлкөдө тынчтык болушун каалайбыз». Мындай мазмундагы билдирүүнү 26-октябрда Президенттин алдындагы Адам укугун коргоо комиссиясы массалык маалымат каражаттарына, коомчулукка таратты:

- Кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрүнүн акцияларынан элдер коркуп жатышат. Биз Азиз Батукаев жана Рысбек Акматбаевдин аракеттерин колдобойбуз. Аларга биз каршыбыз. Биз Кулов-Бакиев тандемин колдоп, алардын өлкөнү башкарышын каалайбыз, - деди Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун.

XS
SM
MD
LG