Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Президенттин маркум депутат Акматбаевдин туугандарын кабыл алышына айрым бейөкмөт уюмдар каршы


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев 27-октябрда маркум депутат Акматбаевдин туугандарын кабыл алаары күтүлүүдө. Бул тууралуу президент 25-октябрда өткөн кеңейтилген отурумда билдирди. Буга чейин маркумдун туугандары ушундай сунуш менен президентке кайрылышкан. Президенттин бул кадамын туура эмес деп эсептеген «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы баштаган бир катар бейөкмөт уюмдар президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошту. Кайрылууда 28-октябрда оор кылмыш жасагандыгынан шектелген Рысбек Акматбаевдин соту болоору белгиленип, буга байланыштуу жарандык коомдун бир катар өкүлдөрүн, милициянын генералы Чыныбек Алиевдин жесирин да кабыл алуу президентке сунушталган. Кайрылуу ээлери ошондой эле Бакиев карапайым элдин коопсуздугун камсыздагыдай пикир билдирген жок деп, ага кескин нааразылык билдиришкен.

XS
SM
MD
LG