Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Курманбек Бакиев өлкөдөгү кырдаал боюнча пикирин билдирди


БИШКЕК. Кыргызстандын аткаруу бийлиги соңку мезгилдердери өтүп жаткан нааразылык акциялардын өлкөдөгү саясий баш аламандыкка алып келишине жол бербейт. Мындай пикирин мамлекет башчы Курманбек Бакиев 26-октябрда журналистер менен жолугушуу учурунда билдирди. Ошондой эле ал маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмү боюнча учурда тергөө жүрүп жаткандыгын айтып, эгерде тергөөнүн жыйынтыгында депутаттын жана андан башка эки адамдын өлүмүнө учурда аткаруу бийлигинин анын ичинде өкмөт башчынын тиешеси бар экендиги далилденсе, аларга өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык тиешелүү чара көрүлөөрүн маалымдады. Ошондой эле Курманбек Бакиев учурда өкмөт башчы Феликс Куловго ишенбей коюга эч кандай далил жок экендигин эскерте кетти.

XS
SM
MD
LG