Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчиси бүгүн бир гуманитардык кырсыкты алдын алуу максатында Женевада өтүп жаткан 65 донор өлкөнүн жыйынында чыгып сүйлөдү:
– Бүгүн биз өлүмдүн экинчи толкунун алдын алып, адамдардын азап-тозогун жеңилдетүү үчүн чогулуп отурабыз. Зил заланы эч ким болтурбай кое албайт, бирок чатыр, тамак-аш, таза суунун жоктугунан ооруулар көбөйүп, кыш түшүп келатканда адамдар сууктан кайыгып, курман болгон өлүмдүн экинчи толкунун болтурбай колуш биздин колубуздагы иш.
Уюм Пакистанга мурда болжонгондой 312 миллион эмес, 500 миллион доллар зарыл экендигин айтууда. 8-октябрдагы зилзаладан 53 миңден ашык киши күм-жам болуп, 3 миллиондойу үстүндө үйү, астында казаны жок калды. Азырынча дүйнө мамлекеттери убада кылган каражаттын 12 пайызын гана бөлүштү.