Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:50

Македониянын ийгилиги Ак Үйдө бааланды


Македониянын премьер-министри Владо Буковскинин билдиришинче, ал жана АКШ президенти Жорж Буш Македония туруктуу, көп-улуттуу демократия курууда ийгиликке жетти деген тыянакка келишкен.
Буковски шаршемби күнү Ак үйдө Буш менен кездешкенден кийин кабарчыларга буларды билдирди:


-АКШ биздин өлкөдөгү демократияны токтобой колдоп жатканы үчүн, айрыкча, маанилүү Охрид келишимин аткаруудагы АКШнын ролу үчүн мен президент Бушка ырахмат айттым. Ошондой эле АКШ биздин конституциялык атыбызды - Македония Республикасын тааныганы үчүн Македония элинин атынан ыраазычылык билдирдим.

Буковски македониялык жоокерлер Иракта жана Ооганстанда кызмат өтөп жатышканына Ата журту сыймыктанаарын, аскерлер бу эки өлкөдө канча зарыл болсо, ошончого калыша турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG