БИШКЕК. Жогорку Кеңештин эл аралык комитети Кытайга, Индияга жана Бириккен Арба Эмираттарына президент сунуштаган жаңы элчилерди 27-октябрда карап чыкты. Депутаттар Кытай Эл Республикасына Камил Султановду, Индияга Ирина Оролбаеваны, Бириккен Араб Эмираттарына Анвар Тохтохаджаевди элчи кылып дайындоого макулдук беришти. Буларды Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов сунуштап, аны президент Курманбек Бакиев колдогон. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргенге караганда, үчөө тең буга чейин дипломатиялык кызматтарда тажрыйба топтогон адамдар.