Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:18

Икматулла Полотов каза болду

БИШКЕК. 27-октябрда эртең менен Улуттук хирургия борборунда Юстиция министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын башчысы Икматулла Полотов каза болду. 20-октябрда абактагылар депутат Тынычбек Акматбаевге ок атканда, Икматулла Полотовдун башына да ок жаңылып, ошондон бери ал ооруканада эс-учун билбей жаткан. Нейрохирургдар анын мээсине татаал операция жасаганына карабай, Полотов өзүнө келбей көз жумду.
XS
SM
MD
LG