Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Т. Акматбаевдин тарапкерлери митингди токтотту


БИШКЕК. 27-октябрда Тынычбек Акматбаевдин тарапкерлери Жогорку Кеңештин алдындагы митингди токтотуп, тарап кетти. Митингчилердин өкүлү Эркин Ашырбаевдин айтымына караганда, митинг тергөөнүн жыйынтыгын күтүү максатында токтотулду. Тынычбек Акматбаевдин тарапкерлери 22-октябрдан тарта митингиге чыгып, депутаттын өлүмүнө премьер-министрдин тиешеси бар деп, ошого байланыштуу анын кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышкан. 28-октябрда Рысбек Акматбаевдин соту башталат. Сот учурунда да эч кандай митинг, пикет болбойт. Сот кандай чечим чыгарса, биз ага макулбуз, деп белгиледи Ашырбаев.

XS
SM
MD
LG