Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Президент маркум Т. Акматбаевдин тарапкерлери менен жолукту


БИШКЕК. 27-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Тынычбек Акматбаевдин жакындарын президент Курманбек Бакиев кабыл алды. Жолугушууда Акматбаевдин тарапкерлери №31 колонияда төрт адамдын атылышы боюнча тергөөнү тездетүү, 17-июндагы окуянын себептерин аныктоо жана тергөөнүн жыйынтыгы боюнча чечкиндүү чараларды көрүү сыяктуу талаптарды коюшкан. Бул тууралуу жолугушууга катышкан «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, президент тергөөнүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алууга убадасын берди. Президент менен жолугушууга Тынычбек Акматбаевдин агасы Рысбек Акматбаев катышкан эмес.

XS
SM
MD
LG