Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:24

ЖЕР ЧАТАГЫ ЖӨНГӨ САЛЫНАБЫ?


27-октябрда өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов үй куруучулардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Бишкек шаарынын аймагынан үй курууга жер участогу берилбестигин билдирди. Ал ошондой эле жер алууну көздөп митинг, пикет сыяктуу нааразылык иш чраларды өткөрүүгө тыйуу салынаарын, аны уюштурган адамдарга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөөрүн белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов менен жолугушууга келген жеке менчик үй куруучулардын укугун коргогон 32 коомдук уюмдардын, бирикме, топтордун өкүлдөрү үй курууга бөлүнгөн жер участоктору облустун, райондун, шаардын айрым жетекчилери тарабынан 7 айдан бери берилбей, 5 миңге чукул адамдардын нааразылыгын жаратып атканын билдиришти.

Жерге муктаждардын координациялык кеңешинин теңтөрагасы Кыдыкбек Асанбеков жер алууну көздөгөн адамдардын талабы саясий эмес, социалдык маселе экенине токтолду:

- Эл эч кандай саясатка кийлигишкен жери жок. Болгону, бул - социалдык маселе. Өкмөт мына ушуну чечиши керек.

Кыдыкбек Асанбеков ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук, Ысыката райондорундагы айыл чарба жайыттарын кайра бөлүштүрүүчү кордон тиешелүү жерлерди үй куруучуларга бөлүп берүүсүн өтүнүп, жер бөлүштүрүүдөгү коррупция айыл өкмөттөрүнөн башталып жатканын билдирди:

- Коррупция айыл өкмөттөрүнөн башталып атат. Үлүш жерлерди 2 миңден 4 миң долларга чейин сатабыз деп.

Бишкек шаарынын жана Ысыката, Аламүдүн райондорунун айланасындагы жер үлүшүн алган адамдар менен үй куруу үчүн жер участогун ээлеп алуучулардын ортосунда бир нече жолу жаңжал чыгып, милиция кызматкерлери менен кагылышкан учурлар болуп келген. Мындай окуя 26-октябрда Ысыката району менен Аламүдүн районунун чегиндеги айдоо жерде да болгон. Ошол кездеги тартип коргоо органдарынын мамилесин «Ынтымак» коомдук уюумунун жетекчиси Гүлмира Байысбекова мындайча сыпаттады:

- Согушка киришкени даярданып келгенсип, калкан, каска, таяк менен келишип, 400гө жакын адамды ур-токмокко алышты. Айрымдарынын бети айрылып, кээ бирөөлөрүнүн буту-колу сынды.

Ал эми Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кемелбек Абдыкадыров милиция кызматкерлери мыйзамдын чегинде иш алып барып атканын, жер ээлеп алуучулардын аракети мыйзамсыз экенин белгиледи:

- Мына өзңөр мыйзам болсун, мыйзам сакталсын деп атасыңар. Эмне үчүн анда райондун, облустун тиешелүү кызматынан жер алууга берген уруксат кагазы жок , 2-3 миң адамды баштап, ал жерлерге барасыңар.

Кемелбек Абдыкадыров милиция кызматкерлери болбосо жер талашкан эки тарап кандуу жаңжалга барышып, чыр-чатак ырбап кетиши ыктымалдыгын да белгиледи.

Сокулук районунун акими Адамкалый Чыныбаевдин пикиринде, үй куруучуларга бөлүнгөн миң гектардан ашуун жер 20 миң адамга жетиш керек, аны бөлүштүрүүчүлөргө көзөмөлдүн жоктугунан, али күнчө жер участоктору жетишпей келет. Ал эми участок алып, аны соодага айландыргандар да жок эмес.

- Мына “Вечерний Бишкек” гезитинин акыркы санын карагылачы. Жаңы алган жер участокторун сатабыз деген кулактандырууларды берип атат. Муну көзөмөлдөп, текшерүүгө алыш керек. Болбосо, айрымдар мындан пайда көрүүнү көздөөдө.

Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоевдин маалыматына караганда, үй куруучуларга республиканын аймагынан 3188 гектар жер бөлүнгөн. Анын ичинен Бишкектин айланасынан Сокулук районунун жерлерин кошуп 1013 гектар жер бөлүнүп, 10 миң адамга жер участогу берилген. Жерге муктаж 8 миң адамдын 3,5 миңи ипотекалык кредит алып, көп кабаттуу үйлөрдөн алууга катталса, 5 миң адам жер участогун алууну көздөөдө. Шаар башчысы Бишкекте жылына 10 көп кабаттуу үй курулаарын, келечекте курулушка чет элдик инвесторлор тартылаарын белгиледи.

Биринчи-вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жерге муктаж адамдарга Бишкектин ичинен жана айланасынан жер участогу бөлүнбөстүгүн кесе айтты:

- Бишкек шаарынын ичинен бир чарчы метр да жер берилбейт.

Данияр Үсөновдун айтымында, шаардын айланасындагы бош жерлерге көп кабаттуу үйлөр салынат. Учурда АКШнын бир компаниясы менен 1 млн.600 миң чарчы метр жерге үй куруу үчүн 500 млн. доллар өлчөмүндөгү долбоор макуладашылган. Ал ошондой эле атайын комиссия түзүп, бөлүштүрүлгөн жерлерди туура берилген, берилбегенин текшерүүнү, Чүй облустук ички иштер башкармалыгына тартип коргоо кызматкерлеринин иш аракеттерин иликтөөнү, жерге муктаждардын координациялык кеңешине Сокулук, Аламүдүн районунан бөлүнгөн жерлерди бөлүштүрүүнү жана көзөмөлөгө алууну тапшырды.

XS
SM
MD
LG