Грузиянын премьер-министри Зураб Ногайдели АКШга келип, кечээ күнү Вашингтон шаарында коргоо министри Доналд Рамсфелд менен жолукту. "Кавказ пресс" агенттиги тараткан маалыматка караганда, Ногайделинин айтымында, Грузия НАТО уюмуна кошулуу аракеттерин баштоого 2008-жылы даяр болот.