Лондон шаарында бүгүн Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин жетекчилери бейформал жолугушууга чогулуп, уюмда экономикалык реформаларды жүзөгө ашыруу маселелерин талкуулоого киришти. Европалык мамлекеттерди азыр өтө тынчсыздандырган нерселер - дүйнөлүк глобализациядан жана Кытай менен Индиянын экономикалык мүмкүчүлүктөрү күчөгөндөн чыккан маселелер.