Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Иран президентинин кечээ күнкү сөздөрүн дүйнө жетекчилери сынга алууда


Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад кечээ күнү жасаган билдирүү жөөт жана башка дүйнөлүк жетекчилер тарабынан сынга алынууда. Кечээ күнү Тегеранда өткөн конференцияда чыгып сүйлөп, Ахмадинежад Израил мамлекет катары жок кылынууга тийиш деп билдирген. Израилдин вице-премьер министри Шимон Перестин пикиринде, Иранды Бириккен Улуттар Уюмунан чыгарып салыш керек. АКШ Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Шон Маккормактын айтымында, Ахмадинежаддын билдирүүсүнөн Ирандын чыныгы жүзү көрүндү:

- Менин оюмча, бул билдирүүдөн силер - Иран режиминин чыныгы максаттары менен ниеттери кандай экенин көрсөңөр болот жана ага байланыштуу биздин жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун өзөктүк маселе боюнча мурдагы тынчсызданууларыбыз дагы ого бетер күчөп жатат.

Улуу Британия менен Франция дагы Иран президентинин сөздөрүн катуу сынга алды.

XS
SM
MD
LG