Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Индиялык окумуштуулар арактын эркектерге зыяндуулугун аныкташты


Индиялык илимпоздордун жаңы изилдөөсү ашыкча көп аракечтик эркектердин жыныстык дараметине таасир этип, тукум калтыруу жөндөмүн төмөндөтө турганын тастыктады.

Ашыкча көп арак ичкен эркек кишиде жыныстык гормону-тестостерону азайып, кейбир шаабаты алкогол ичпеген эрекектердикине караганда көп болот. Андыктан, артында тукум калтыргысы келген эркектер баса арак-шарап ичкенден карманыш керек деп сунуш беришет окумуштуулар.

Илимпоздордун айтышынча, алдын ала изилдөөлөр көп ичимдик ичкен аялдардын төрөө мүмкүнчүлүгү да төмөндөөрүн көрсөткөн.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады.

XS
SM
MD
LG