Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Израилдик күчтөрдүн Газа тилкесине жасаган чабуулу


Израиль армиясы Газа тилкесине абадан жасаган чабуулдан бери дегенде жети палестиналык курман болду. Чабуул палестиналык жанкечтинин шейшемби күнкү бомба жардыруусуна жооп иретинде жасалды. Жанкечти израилдик беш жарандын өмүрүнө зобун келтирген эле.

Израилдин өкмөт башчысы Ариел Шарон Палестин бийлиги согушчандарды тыйпыл кылмайынча, төрага Махмуд Аббас менен жолукпай турганын эскертти.

Ирандын президенти Махмуд Ахмаденижад Жакынкы Чыгыштагы калабаны улантканы үчүн Израилди “жер бетинен тыптыйпыл кылууга” чакырды.
Премьер-министр Шарон береги сөз үчүн Иранды Улуттар Уюмунан чыгарууну талап кылды. Вице-премьер министр Шимон Перес мурда жасаган билдирүүсүндө:


-Ирандын президенти өңдөнүп, эл алдында жана ачыктан ачык Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттин бир да башчысы Улуттар Уюмунун башка бир мүчөсүн талкалоого эч качан чакырган эмес. Бул Улуттар Уюмунун хартиясына каршы аракет. Бул Улуттар Уюмунун тажрыйбасында жок иш.

Башкатчы Кофи Аннан президент Ахмединежаддын сөзүнө өтө “тынчсызданганын” , келерки аптада Иранда болчу мурда пландалган визити учурунда бул маселени күн тартибине биринчи кылып койорун билдирди.

Европа өлкөлөрүндөгү Ирандын элчилеринен Ахмединижаддын сөзү боюнча түшүндүрмө берүү талап кылынды.

Европа Союзу менен Россия да Иран президентинин сөзүн сындашты.

Иран өкмөтү ирандыктарды жума күнү “сионистерге жана каапырларга каршы” нааразылык акциясына чыгууга чакырды. Ахмединежаддын айтымында, жалпы элдик акция Израилдин палестиналыктарга каршы жасаган “кылмышына” жооп болот.

XS
SM
MD
LG