Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

ФУТБОЛ: ЧЕМПИОН АНЫКТАЛЫШЫНА АЗ КАЛДЫ


Кыргызстандын футбол боюнча 14-чемпионатынын Жогорку Лигасында таймашкан командалардын мыктылары аныкталып, 29-октябрдагы оюндун жыйынтыгы боюнча жаңы чемпион аныкталышы мүмкүн. Кыргызстандын былтыркы жеңүүчүсү Нарындын “Дордой-Динамо” командасы чемпиондугун сактап калабы? Же дүбүртү катуу чыгып келаткан Бишкектин «Шоро-СКА» командасына алдырып жибереби?

Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада быйыл 8 команда гана ойноп жатат. Мурдакы жылдары Кыргызстандын чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алган Бишкектин «СКА ПВО» командасынан 10 футболчу чет өлкөлөргө кетип калып, каражат маселесинин айынан “Шоро” командасы менен биригүүгө аргасыз болушкан. Нарындын «Дордой» командасы 2 жыл үчүнчү орунда калып, былтыр гана өлкөнүн чемпиондук наамына арзыган. Учурда Кыргызстандын 14-футбол чемпионатынын финалдык айлампасында мыктылар иргелип, байгелүү орундар үчүн күч сынашып жатышат. Быйылкы чемпионат өзүн актабаганын, оюндардын деңгээли начар болгонун, каражат маселесинин айынан 2 команда финалдык айлампадан чыгып калганын өлкөнүн футбол федерациясынын Жогорку Лигадагы мелдештерди уюштуруу бөлүмүнүн адиси Дастан Конокбаев мындайча белгилейт:

- Быйылкы чемпионаттын деңгээли төмөн болуп калды. Жыл башындагы ойлогон иш-аракеттер аткарылган жок. Анан дагы 24- марттагы ыңкылап да таасирин тийгизди. Эмдиги жылкы чемпионатты түндүк жана түштүк аймактарга бөлүп өткөрөлү дегенибиз, каражат маселесин үнөмдөөгө жана жергиликтүү калк арасында футболдун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болсун деген гана тилек. Биринчи айлампада эки аймактан иргелип тандалган, көп упай топтоого жетишкен төрттөн команда, экинчи айлампада Супер лигада чемпиондук үчүн күч сынашат. Мурда Жогорку Лигада Ош, Чүй жана Нарын областтарынын гана футболчулары ойноп келсе, эми Талас, Ысыккөл, Жалалабат аймактарынан да командалар мөөрөй талашууга катышса деген максат. Мындай тажрыйбаны мурдакы жылы да пайдаланганбыз, ошондо Ысык көлдүн намысын «Көл төр» футбол командасы коргоого аракет кылып, келечегинен үмүткөр кылып койгон. Ал эми быйылкы чемпионатта каражаттын айынан Гвардия- РУОР жана Аравандын “Ал- Фагир” командалары марага жетпей калышты.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 14-футбол чемпионатынын жеңүүчүсү Бишкектин «Шоро- СКА» командасы болушу ыктымал дешет, футбол адисттери. Себеби, алар 23 оюнда 18 ирет жеңишке жетишип, 3 жолу тең чыгуу менен эки жолу гана утулган. Учурда алар 57 упай менен алдыңкы орунда. Себеби, 26-октябрда “Шоро-СКА” командасы өлкөнүн чемпиону Нарындын “Дордой- Динамо” командасын 2:1 эсебинде жеңип алып, баш байгеге биринчи талапкер болуп калышты.

Быйылкы чемпионаттын жеңүүчүлөрүн 29-октябрдагы акыркы беттешүүлөрдүн жыйынтыгы аныктайт. Шорочулар акыркы оюнда өлкөнүн жаштар курама командасын оңой эле утуп алууну көздөп, чемпиондук алтын медалга бир кадам калганына кубанып турушат. Бирок 29-октябрда “Дордой-Динамонун” футболчулары да Канттын «Абдышата» командасы менен акыркы беттешүүнү өткөрүшөт. Анда алар канттыктарды утуп алса, шорочулар менен упайлары бирдей болуп, кайрадан чемпиондук үчүн эки команда мөөрөй талашууга аргасыз болмокчу. Ошентип өлкөнүн былтыркы чемпиону Нарындын “Дордой- Динамо” командасы баш байгеги колдон чыгарып жибериши дагы толук ыктымал. Бул команда 23 оюн өткөрүү менен 57 упай топтой алышты. Үчүнчү катарда Кыргызстандын экс- чемпиону Карасуунун “Жаштык-Акалтын” командасы 35 упай менен баратат. Кант шаарынын «Абдышата» командасы 31 упай топтоп, коло байгеге талапкер боло албай турат.

Кыргызстандын футболунун деңгээли төмөндүгүн, балдар, өспүрүмдөр, уландар арасында өлкөнүн биринчиликтерин өткөрүүнүн зарылдыгын Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, спорт ардагери Кудайберген Исмаилов айтты.

Футбол боюнча Кыргызстандын 14-чемпионатынын беттешүүлөрүндө «Жаштык-Акалтындын» оюнчусу Евгений Болдыгин атаандаштарынын дарбазасына 21 топ киргизип, алдыда баратат. Былтыр мыкты оюнчу аталган Нарындын «Дордой» командасынын чабуулчусу Замирбек Жумагулов чеберчилигин айгинелеп, 16 топ киргизе алды.

Ал эми 1-лигада баш байгеге Кант шаарынын «Наше пиво» командасы менен Бишкектин “Шер” командалары талапкер болушууда. Каражат маселесинин айынан эмдиги жылы футболдон 15-чемпионатты түндүк жана түштүк аймагына бөлүп өткөрүп, экинчи айлампага мыктыларын иргеп алуу каралууда.

Өлкөнүн уландар командасы 13-ноябрдан 17-ноябрга чейин Непалда өтчү Азия биринчилигинин иргеп алуу мелдештерине катышмакчы.Эгерде кыргызстандык уландар бул беттешүүлөрдө жеңишке жетишсе, анда 2006-жылы Азия чемпионатынын финалдык оюндарына кошулат.

Ошондой эле жаштар арасында Азия чемпионатынын иргеп алуу мелдештери 23-ноябрдан 27-ноябрга чейин Бишкекте өткөрүлүп, Кыргызстанга Непалдын жана Бутандын жаштар командалары келишмекчи. Мында дагы биринчи орунга ээ болгон команда эмдиги жылы Азия чемпионатынын финалына катышмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG