БИШКЕК. 28-октябрда президент Курманбек Бакиев жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо өнөктүгүн уюштурууда мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоону президенттин администрация башчысы Үсөн Сыдыков менен вице-премьер-министр Адахам Мадумаровго тапшырды. Президенттин айтымында, шайлоого даярдык көрүүдө орозонун шылтоосу менен добуш сатып алуу аракеттери болуп жаткандыгы тууралуу кайрылуулар көп болууда. Мындай жагдай кырдаалды курчутуп, коомчулукта чыңалууну жаратышы ыктымал экендиги ишембиде президент өткөргөн жумушчу жыйында белгиленди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү бийлик башчыларды шайлоо 18-декабрда өтүп, ага талапкерлерди көрсөтүү 12-ноябрда аяктайт.