Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:43

Феликс Куловду жактаган митинг убактылуу токтоду


БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Куловдун укугун коргоо максатында 25-октябрдан бери «Алатоо» аянтында өтүп жаткан митинг убактылуу токтотулду. «Ар-намыс» саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Баялиновдун билдиргенине караганда, мындай чечим Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланышкан тергөө иштерине тоскоолдук кылбоо максатын көздөдү. «Ар-намыс» саясий партиясынын демилгесиндеги митинг-октябрдын жыйырма бешинен жыйырма сегизине чейинки аралыкта өтүп, Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин туугандары коюп жаткан талаптарга каршылык билдирди. Маркум депутаттын туугандары анын өлүмүнө премьер-министр Феликс Куловду күнөөлүү деп эсептеп, анын кызматтан кетишин 22-октябрдан тарта Жогорку Кеңештин алдында талап кылып турушуп, бир күн мурда акциясын токтотушкан.

XS
SM
MD
LG