Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Ноокаттык дыйкандар нааразы


ОШ. Ноокаттык дыйкандар быйыл да тамекинин баасы төмөн болуп, өткөрө албай жатышкандыгына, ортомчу, далдалчы фирмалар алардын продукциясын арзан баада сатууга мажбурлап тургандыгына нааразылыгын билдиришти. Бул жөнүндө “Азаттык” радиосунун кабарчысына маалымдаган Ноокат районунун Кызылбел айыл өкмөтүнүн тургуну Абибилла Кожобаев учурда дыйкандар ортомчу фирмалар тамекинин биринчи сортунун баасын 10 сомго чейин түшүрүшкөнүнө нааразы болуп жатышкандыгын кабарлады. Анын пикиринде, дыйкандар ортомчу фирмалардын өкүлдөрүн атайлап ашкере пайда табуу үчүн кызыл кулактык кылып жатышат деп айыпташууда. Анткен менен тамекини дыйкандардан сатып алып, чет өлкөлөргө экспорттоочу “Даймон” фирмасынын өкүлү Өмүрзак Бегалиев тамекинин баасынын төмөндүгүн анын эл аралык наркынын көтөрүлбөй жатышы жана жергиликтүү тамеки сортторунун сапатынын начар экендиги менен байланыштырды.

XS
SM
MD
LG