БИШКЕК. Зилзаладан жабыр тарткан Пакистан калкына жардам көрсөтүү максатында Кыргызстандын ар кайсы министрликтери жана ыктыярдуу атуулдары тарабынан жалпы наркы бир миллион сомго жакын гуманитардык жардам чогултулду. Аны негизинен чатыр, жылуу кийим-кечелер жана тамак-аш азыктары түзөт. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан 29-октябрда кабарлашты. Алгач бул жүк Пакистанга ишемби күнү жөнөтүлөөрү болжонуп, бирок дуйшөмбү, 31-октябрга которулду.
28-октябрда болсо аталган өлкөнүн жер титирөодөн жабыр тарткан аймактарынын калкына жардам көрсөтүү үчүн кыргызстандык 15 дарыгер учуп кетишкен. 8-октябрда Пакистандын түндүгүндө болгон жер титирөөдөн 50 миңден ашуун адам каза болуп, 3 миллиондон ашуун киши үй-жайсыз калган.