Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

БАРАК АНКЛАВЫНЫН ТУРГУНДАРЫ ПРЕЗИДЕНТ БАКИЕВГЕ АРЫЗ ЖОЛДОШТУ


Карасуу районунун Акташ айыл өкмөтүнө караштуу Барак анклав кыштагынын тургундары Президент Бакиевге даттануу катын жөнөтүштү. Катта барактыктар Кыргызстандын мурдагы Президенти Акаевге Барак кыштагынан Кыргызстандын чегине Өзбекстан тосмо-бекеттерисиз каттай турган коридор-жол ачтырып берүү боюнча нечен жолу арыз жазышкандыгын, бирок натыйжа чыкпагандыгын эскеришип, ушул зарыл милдетти аткарууну азыркы мамлекет башчысынан зор үмүт менен суранышаарын баса белгилешкен.

Айыл башчы Буркан Ашыров Президент Курманбек Бакиевден башкага арызданган менен пайда жок деп эсептеп, ага себеп болгон жагдай жөнүндө сөз кылды:

- Биз Президент Бакиевге жолдогон биринчи катыбызда баягы эле негизги көйгөйүбүздү айтып, Барактан Кыргызстан чегине коридор-жол ачып берүүнү сурандык. Өзбекстанды аралап өтүү - көңүлүбүзгө көк таштай тийди. Биздин айыл өкмөттүн аты коюлган Акташ айылынан Баракка чейинки аралык өзү төрт эле чакырым. Ортолукта Өзбекстандын Бирлешкен деген айылы бар. Анда Өзбекстан чегарачыларынын, бажычыларынын, милициясынын төрт бекети жайгашкан. Бизди - Кыргызстан жарандарын кыйнаган так ошолор.

Андан кийин Буркан Ашыров Өзбекстан тарап чегараны таптакыр жаап, Барактан Кыргызстанга киши каттатпай койгон учурлар болгонуна токтолду:

- Маселен, Анжиян окуясынын учурунда үч күн толук каттаган жокпуз. Ошто – “Алай” меманканасынын айланасында атышуулар болгондо да эки күн бою чегара жабык болду. Карасуу базарындагы тополоң учурларында зорго-зорго өтүп аттык. Андан сырткары өлүм-житим болгондо, той-топур болгондо Баракка туугандарыбыз, меймандарыбыз кире албай азап чегишет. Катуу ооруп калган адамдарды Карасууга - ооруканага алпаралбай кыйналганыбыз канча!

Барак орто мектебинин мугалими Мавлянбек Исабековдун кыргыз мамлекети жок дегенде, күндө паспорт көргөзүп Кыргызстанга каттаган барактыктарды паспорт менен толук камсыздап койбогондугуна жаны ачышат:

- Паспорт да биз үчүн опол тоодой маселе. Паспортун жоготкондор бар. Жаштарыбыз жаңыдан ала албай жүрүшөт. Бизге паспорт күндө керек болгондон кийи мамлекетибиз өзгөчө көңүл буруп койсо болмок. Арызыбызда Президент Бакиевден ушуну да сурандык.

Барактык дыйкан Улукбек Асылов аларга электр жарыгы алигиче Өзбекстандан келерин белгилеп, өзбекстандыктар электр маселеси боюнча да кордоо көрсөтөрүн кыйытты:

- Азыр ооз ачаарга жакын жандырат, кайра өчүрөт анан. Саарлыкта да жандырып, кайра өчүрөт. Кундүзү такыр электр жарыгы жок. Андан башка, чегарадан дары-дармектерди, ал турсун азык-түлүктөрдү өткөзбөй койгон учурлар көп.

Барак айылынын башчысы Буркан Ашыров катта баяндалган дагы бир маселени – ушу кеч күздө жаңы терилип алынган пахталарын өз убагында сатканга Өзбекстан катуу тоскоол этээрин кошумчалап өттү:

- Азыр биз пахтабызды терип бүтүп калдык. Үйлөрдө эле чогултун жатабыз. Эч ким эч жакка алпарып сата алган жок. Кыргызстанга алып чыгуу үчүн Өзбекстандын бийликтеринен бир ай жүгүрүп жүрүп, уруксат сурашыбыз керек. Алар өздөрү пахталарын жыйып-терип бүтүп, качан пахта арзандаганда гана бизге уруксат беришет.

Барак анклав кыштагынын тургундары өз арыздарынын Президент Бакиевдин өз колуна тийеринен кабатыр.

XS
SM
MD
LG