БИШКЕК. Айыл, шаарча, район тибиндеги шаарларда жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо боюнча райондук, шаардык шайлоо комиссиялары түзүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка караганда, өлкө аймагында 45 райондук шайлоо комиссиялары уюштурулат. Жергиликтүү бийлик башчыларды шайлоо 18-декабрда өтүп, ага талапкерлерди көрсөтүү 12-ноябрда аяктайт. Республика аймагындагы 483 айыл өкмөттөрдүн жана шаарчалардын 372синде шайлоо өткөрүлөт. Ал эми 2002-жылдан 2005-жылга чейин кайрадан шайлоо болгон айыл, шаарчаларда жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо өткөрүлбөйт.