Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

ХАКАСИЯДАГЫ ТАБЫШМАКТУУ ТАШ СҮРӨТ


XIX кылымдын соңунда Хакасиянын Орга тоосунда аскага чегилген сүрөт табылган. Ошол мезгилден бүгүнкү күнгө чейин табышмактуу сүрөт тегерегинде талаш токтобой, ар түркүн жоромолдор жасалып келет.

1887-1889-жылдары саякатчы Й. Р. Аспелин Түштүк Сибирге экспедиция уюштуруп, Кара Июс өрөөнүндөгү Орга тоосунан аскага чегилген таңкалыштуу сүрөттү тапкан. Кийин ал 1931-жылы Хельсинкиде жарык көргөн китепке жарыяланып, илим айдыныңа алынган. Таш сүрөткө этеги салбарланган узун кийим кийген жана бийик баш кийимчен адамдар тартылган. Адамдардын келбети Түштүк Сибирдеги “таштык маданияты” деп белгиленген мезгилде тушташ эстеликтерге улай түшүрүлгөн. Табышмактуу сүрөттөр тегерегинде ар түркүн жоромолдор жасалып, талаш бүгүнкү күндө да токой элек. Й. Р. Аспелин менен Х. Аппельгрен Кивалолор аларды дин адамдары десе, А.Тальгрен адамдардын кебете-кешпиринде кытай келбети бар деп түкшүмөлдөйт. О. Меншен-Хелвендин ою боюнча табышмактуу сүрөттүн каармандары Турфанда табылган манихей эстеликтерине окшош жана алар VII-IX кк. аралыгында Түштүк Сибирге оогон манихейлик диндин таасиринен улам жаралган деп эсептейт.

Айрым окумуштуулар сүрөттөгү адамдардын этеги салбарланган узун кийимине жана кишилердин колун бооруна кармаган келбетине карап, алардын дин адамдары экендигинен шек санашат. Алардын пикирине ылайык, кишилердин колун бооруна алган сүрөттөрүн тартуу ыкмасы жана этеги узун кийим кийүү адаты Кытайдын Хань империясына мүнөздүү көрүнүш.

Жыйынтыктап айтканда, табышмактуу таш сүрөттөр Кыргыз каганатынын улуу державалык жылдыздуу мезгилине туш келет. Жогоруда белгиленгендей, айрым илим адамдары аларды Түштүк Сибирге тараган несторион дининин таасири деп эсептешет. Ал түгүл С. Г. Кляшторныйдын изилдөөлөрүндө табышмактуу сүрөттөр IX к. чейин энесайлык кыргыздарга жайылган несторион динине байланыштырылат. Эгер, таң калыштуу сүрөттөрдөн кытай искусствосунун таасирин баамдаган күндө да, алардан биз кыргыз каганатына келген элчилик туурасында маалымат ала алабыз.

XI к. автору Гардизинин жазганына ылайык, “Көгмен тоосунун түндүк тарабында жети күнчүлүк жолдо кыргыз каганатынын ордосу жайгашкан”. Көпчүлүк илимпоздор кыргыз өкүмдарынын ордосун Ак Июс менен Кара Июс өрөөндөрүнүн аралыгына жайгаштырышат. Мындан улам табышмактуу таш сүрөттөрдө Кыргыз каганатына келген дипломатиялык миссия түшүрүлгөн, деп тыянак жасоого негиз бар.
XS
SM
MD
LG