Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

КАДРЛАР КӨП БОЛГОНУ МЕНЕН МЫКТЫЛАРЫ АЗ


Кыргызстанда 15 миңге жакын мамлекеттик кызматкерлер иштейт. Алардын 6 миңге жакыны кызматтык автомашина менен камсыз кылынган. Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн төрттөн бири мамлекеттик аппаратты кармоого жумшалат. Анткен менен кийинки кездери мамлекеттик кызматтын деңгээли төмөндөгөнү, коррупция мурдагыдай эле чайлап-коолап кеткени арбын айтыла баштады.

24-марттагы бийлик алмашуусунан кийин А. Акаевдин кадр саясаты түп-тамырынан ката экени, анын жакын тууган-уруктары чогулуп мамлекетти башкаруу ишине үй-бүлөсүнөн бери кийлигишип кеткени көп маалымдалган. Соңку кездери андай сындар азыркы бийликке карата арбын айтыла баштады. Абийирдүү башкаруучулар консультативдик кеңеш катчылыгынын жетекчиси Кубанычбек Өмүралиев андай кеп-сөздөрдүн негизи чындыгы бар деген пикирде.

- Ушундай көрүнүш болуп атат да. Ошон үчүн муну системалуу түрдө оңдобой жөн эле адам алмаштырып койгондон болбой атпайбы. Эми ал президентпи, премьерби же Жогорку Кеңеш төрагасыбы - баарын бир адам көзөмөлдөп тура албайт экен. Ал да ишенип ишти берип атат. Анан ар бири өз «участкасында» иш кылып жатат. Анан ошол жерден көп мыйзам бузуулар болууда.

Кыргызстандын Мамлекеттик кызмат агенттигинин эларалык карым-катыш, коомчулук менен байланыштар секторунун башчысы Эсен Шерботоевдун ырасташынча, ушу тапта административдик кадрларды даярдоо, алардын кесиптик билимин көтөрүү боюнча жетиштүү иш жүргүзүлбөй келатканы деле жашыруун эмес.

- Азыр болсо кадрлар бир аз начарлап калды. Себеби, мурдагыдай кадрлар даярдалбай, иш төмөнгө түшүп кетти. Таптакыр эле жаман деп айталбайм, бирок ал иш төмөндөп калды.

Мамлекеттик кызмат агенттиги өткөн жылы түзүлгөн. Ага административдик кызматкерлерди тандоо менен кабыл алуу, кесиптик билимин өркүндөтүүгө кам көрүү, дегеле мамлекеттик башкаруу ишинин кара жумушун бүткөрчү чиновниктерге шарт түзүү милдети жүктөлгөн. Агенттиктин жооптуу кызматкери Эсен Шерботоевдин айтымында, кийинки кездери айлык маянанын аздыгынан мыкты кадрлардын көбү ишкерликке, чет элдик уюмдардын кызматына өтүп кетишүүдө.

Бирок да, айлык маянасынын аздыгына карабай чиновник болууну каалагандардын саны азайгандын ордуна жыл санап аз-аздап көбөйүүдө. Абийирдүү башкаруучулардын консультативдик кеңеш катчылыгынын жетекчиси Кубанычбек Өмүралиев мындай жагдайдын себеп-жөнү маянага эмес, айрым кызматтык жеңилдиктерине байланыштуу дейт.

- Бир автомашинеге эле 400 ашуун доллар акча кетет. Ал жерде 5700 ашуун машине бар, Кыргызстан боюнча ушунча унаа чиновниктерди ташыйт. Азыркы учурда мурдагыдай советтик систем жок, колхоз-совхоздорду кыдырмай, завод-фабрикаларды текшерип келмей жок. Ошон үчүн Ак үйдө отурабы, Көк үйүндө отурабы, башка жердеби, баштагыдай эле бизде эски стиль менен келатышат азыр деле. Мамлекеттик уюмдарда атайын фонд, атайын эсеп деген бар. Ошол жерге акча келип, өздөрүнө деп машине алынган, башка иштерге жумшалган.

Кадр саясаты «Ахилестин аялуу шыйрагындай» болуп А. Акаевдин 14 жылдык башкаруусунун чоң кемчилиги катары бийлик каршылаштарынын сынына кабылып келди. Марттан бери деле бул жаатта олуттуу дегидей өзгөрүүлөр болбогонун «Кайран эл» партиясынын жетекчиси Курманбек Турумбеков бийликте мурдагы эле А. Акаев кадрларынын отургандыгы менен түшүндүрөт.

- Анакей, мен жөнөкөй эле айтып берейин. 15 жылда жалаң талап-тоноо менен жүргөн кадр эми он беш жылда таза иштейби? Ал кандай жаңылыктарды кийирет? Андан көрө биз коркпой-үркпөй эле жаңы муундан, таза муундан бийликке алып келгенде ошондо жылыш болмок. Ал эми бүгүнкүдөй кадр маселеси кийин деле чечилбейт го деп ойлойм.

Мамлекеттик кызмат агенттигинин аракети менен административдик кызматка тандоо менен алуунун жол-жобосу иштелип чыккан. Агенттик жаңы талаптын жер-жерлерде кандай иштеп жатканын жакында атайын иликтеп чыкты. Жыйынтыгы алымсынарлык эмес. Көпчүлүк чиновниктер ишти жаңыча уюштурунун усулдарын билишпейт, кыйласынын компьютердик сабаты ачыла элек, мурдагы эски коммунисттик номенклатуранын ыңгайынан чыга албагандары деле биртоп. Жаңы бийлик азырынча 15 миң чамалуу башкаруучулардын санын кыскарта тургандыгын жарыялоо менен гана чектелүүдө.

XS
SM
MD
LG