Ооганстандагы америкалык аскерлердин экөөнө каршы кечээ күнү расми күнөө коюлду, аларга - колго түшкөн ооган жоокерлерин сабаган деген айып тагылууда. Андан тышкары мындан 10 күн мурда Ооганстандагы америкалык аскерлерге каршы башка да бир тергөө башталган. Ал аскерлер кагылышууда курман болгон эки талиб жоокеринин денесин өрттөп жиберген деп күнөөлөнүүдө.