Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 08:04

Индиядагы жардыруудан кыргыз атуулдары жабыр тарткан жок


БИШКЕК. 29-октябрда Индиянын борбору Нью-Делиде үч жолу болгон жардыруудан учурда аталган өлкөдө жүргөн кыргызстандык атуулдар жабыр тартышкан жок. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 31-октябрда маалымдады. Министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Нуржигит Кадырбековдун маалыматына караганда, учурда Индияда Кыргызстандан расмий түрдө 57 адам бар. Ал эми Нью-Делиде болгон жардыруудан алтымыш адам каза болуп, 200 адам жараат алышты.

XS
SM
MD
LG