БИШКЕК. Өзбекстан Кыргызстанга жаратылыш газын берүү боюнча келишимге кол койбой жатат. Ошондой болсо да алар менен сүйлөшүү улантылып жатат. «Кыргызгаз» ишканасынын башкы директорунун орун басары Саламат Айтикеевден алынган маалыматка караганда, буга чейин Өзбекстанга миң куб метр газ үчүн 42 доллар төлөнсө, учурда өзбек тарап миң кубуна 55 доллардан сурап жатат. «Такыр айла куруганда биз алардын шартына макул болобуз. Анда керектөөчүлөр үчүн газдын баасы кымбаттайт», - деп кошумчалады Саламат Айтикеев. Өзбекстан соңку бир нече айдан бери Кыргызстанга жаратылыш газын бербей келет. Андан бери кыргыз тарап жаратылыш газын Өзбекстандан Кыргызстан аркылуу Казакстанга кетип жаткан газдан алып колдонууда. Учурда Кыргызстандын Казакстанга газ үчүн карызы 17,5 миллион долларды түзөт.