Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Акүйдүн алдында дагы бир нааразылык акциясы болду


БИШКЕК. 31-октябрда Акүйдүн алдына баш аягы үч жүздөн ашуун адам нааразылык акциясына чыгышты. Бул күнкү акцияга Бишкектин бардык жеринен келген атуулдар катышышты. Алар жергиликтүү бийлик президенттик шайлоого чейин жер бөлүп берүүнү убада кылып, аны аткарбай жаткандыгына нааразылык билдиришти:

- Биз шайлоодо эле керекпиз. Бизге эч ким көңүл бурбай жатат. Менин алты балам бар. Квартирада жашайм. Төрт сотых жер бөлүп бер деп турабыз.

Нааразылык чаранын катышуучулары жер алуу үчүн керектүү документтерди топтоп, буга чейин жергиликтүү бийликке тапшырышкандыгын, андан эч кандай жооп жок экендигин маалымдашты. Ал эми биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жер басып алуучулардын өкүлдөрү менен 27-октябрда жолугушуп, мындан ары аларга бир чарчы метр да жер бөлүп берилбей тургандыгын жана келечекте жер берүү талабы менен митинг же пикет уюштургандарга катуу чаралар көрүлөөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG