Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Өлкө бюджетинен жаза өтөө жайларына 5 млн. сом бөлүндү

БИШКЕК. Кыргызстандагы жаза өтөө жайларына мамлекеттик бюджеттен 5 млн сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу жазаны аткаруу боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Батыр Сапарбаев билдирди. Анын айтымында, бул каражаттын баары жаза өтөө жайларындагы тамак-ашты жакшыртууга сарпталат. Учурда жаза өтөө жайындагы ар бир адамдын тамак-ашы үчүн каралган 56 сомдун ордуна күнүнө 17 сом гана бөлүнөт. Буга чейин Чүй облусундагы №31-жаза өтөө жайында Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев, анын жардамчысы, парламенттин эксперти жана жазаны аткаруу боюнча башкармалыктын башчысы өлтүрүлгөндөн кийин премьер-министр Феликс Кулов жаза өтөө мекемелерине бюджеттен 10 млн. сом бөлүнө тургандыгын айткан.
XS
SM
MD
LG