Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

ОРУСИЯ МЕНЕН КЫТАЙ СИРИЯГА САНКЦИЯ КИРГИЗҮҮГӨ КАРШЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сирияга каршы санкция киргизүү жөнүндөгү резолюциянын долбоорун талкуулап жатат. Кеңештин кароосуна сунуш кылынган долбоорго ылайык, эгерде Сирияга Ливандын экс-премьер-министри Рафик Хариринин өлтүрүлүшүнө байланыштуу окуяны иликтөөгө көмөктөшүүдөн баш тарта турган болсо, өлкөгө каршы санкциялар киргизилет. Резолюциянын долбоорун АКШ, Франция жана Британия иштеп чыгышкан. Коопсуздук кеңешинин башка туруктуу мүчөлөрү Кытай менен Орусия Сирияга санкция киргизүүгө каршы чыгып жатышат.

Ливандын мурдагы өкмөт башчысы Рафик Харири быйыл 14-февралда Бейрутта бомба жардыруудан курман болгон. Аны менен автоколоннада бараткан 20 чакты киши мерт кеткен. Окуядан көп өтпөй Улуттар уюму Харинин өлүмүн иликтөө боюнча атайын комиссия түзүп, ал комиссия октябрь айында өзү ишинин жыйынтыктарын уюмдун баш катчысы Кофи Аннанга өткөрүп берген. Докладда Харириге жасалган кол салууга Сирия менен Ливандын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрүнүн тийешеси бар болууусу мүмкүн, деп айтылган.

Сирия мындай айыптоолорго башынан эле каршы чыгып, өзүнө тагылган кинени четке кагып келатат. 31-октябрда "Сирия Таймс" деген өкмөттүк гезитте тараткан билдирүүсүндө расмий Дамаск Улуттар уюмунун АКШ, Франция жана Британия иштеп чыккан резолюцияны карап жаткандыгын "зулумдук жана гегемонияга мойун сунгандык" катары баалап, Коопсуздук кеңешин АКШнын кысмагына туруштук берүүгө чакырды. Сириянын Улуттар уюмундагы өкүлү Файсаал Мехдад резолюцияны Американын Сирияга каршы жүргүзүп жаткан өнөктүгүнүн бир бөлүгү деп сыпаттады.

Резолюциянын долбоору Сирияны Харинин өлүмүн толук изилдеп чыгуу ишинде Улуттар уюму менен кызматташууга чакырат, эгерде Сирия уюмдун талаптарын аткаруудан баш тартса, ага каршы эл аралык санкциялар киргизилет. Резолюция расмий Дамасктан Харринин өлүмүнө тийешеси бар, деп шектелген бийик мартабалуу расмий өкүлдөрдү Улуттар уюмуна өткөрүп берүүнү талап кылат.

- Резолюциянын долбоорунда эгерде Сирия менен кызматташууда алгылыктуу жылыш болбосо, биз уюмдун Хартиясынын 41-статьясына ылайык, тактап айтканда, санкция киргизүүгө карай кадам жасаарыбыз жөнүндө айтылат, - деди АКШнын Улуттар уюмундагы өкүлү Пол Болтон документтин долбоору жөнүндө.

Бирок Коопсуздук кеңешинин башка туруктуу эки мүчөсү Кытай менен Орусия Сирияга санкция киргизүүгө караманча каршы. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жекшемби күнү Улуттар уюмунун Нью- \Йорктогу кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйынында резолюцияны сынга алды. Лавров аны иштеп чыккан өлкөлөрдү кылмыш процессуалдык механизмдерди эл аралык мамилелер менен чаташтырып жатышат, деп айыптап, буларды айтты:

- Кылмыштарды иликтөө процедураларын эл аралык мамилелер менен чаташтырууга болбойт. Мындай аракеттер резолюциянын долбоорунда жасалууда жана биз бүгүн Коопсуздук кеңешиндеги коллегаларыбыз менен жолугуп, бизди камтама кылган маселелерди талкууламакчыбыз.

Москва менен Дамасктын мамилелери Экинчи дүйнөлк согуштан бери жакшы жана өткөн жумада Орусиянын тышкы иштер министри Сирияга санкция киргизүү аракеттерине бөгөт койо тургандыгын билдирген.

Бирок ошентсе да Сириянын туруму бир аз болсо да жумшаргандыгы байкалууда. Апта соңунда Дамаск Харинин өлүмүнө байланышкан окуяны өз алдынча иликтеп чыга тургандыгын жана бул иликтөөдө Улуттар уюмунун комиссиясы менен кызматташа турганын билдирди. Айрым байкоочулар муну конструктивдүү жылыш жана Дамасктагы режимдин сырткы дүйнөгө бир аз болсо да ачылгандыгы катары сыпаттап жатышса, башка бир аналитиктер расмий Дамасктын санкциялардан кандай болсо да качып кутулуу амалы катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG