Кечээ күнү кечинде Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарынын борборунда бир машине жарылып кеткенден кеминде 20 адам набыт болду, дагы кырктай киши жараат алды. Андан тышкары өлкөнүн ар башка аймактарында кечээ күнү үч бомба жарылгандан жети америкалык аскер курман болду, алардын төртөө - Багдад шаарынын алдындагы Юсифия деген шаарда өлдү.