Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

ЖАЛАЛАБАТ ТҮРМӨСҮНДӨГҮ НААРАЗЫЛЫК


1-ноябрда Жалалабат түрмөсүндөгү айыпкерлер да нааразылык билдиришти. Алар №31 жаза өтөө мекемесине аскер киргизбөөнү жана Молдовановка түрмөсүндөгүлөргө күч колдонбоону талап кылышты. Жалалабаттагы 36/10-номерлүү түрмөдө миңдей адам жаза өтөөдө. Иштин жоктугунан кургак учук жана башка ооруларга чалдыккандары аз эмес. Ооругандарды дарылоого шарт начар. Түрмө башчынын маалыматы боюнча, жаза өтөө мекемесинде айрым маалымат каражаттары жазгандай ооруган кылмышкерлерге жардам көрсөтүлбөгөн учур жана түрмөдөн качкандар болгон жок.

Миңге жакын айыпкер жаза өтөгөн Жалалабат түрмөсүнүн айланасындагы жолдор «Камаз» автоунаалары, кире бериши милиция тарабынан тосулган. Айыпкерлер Молдовановка түрмөсүндөгүлөрдү колдоо үчүн эрте менен терезе-эшиктерди какылап, жарым сааттай нааразылык билдиришти. Алар милициянын атайын отрядын №31 жаза өтөө мекемесине киргизбөөнү жана күнөөкөрлөргө күч колдонбоону талап кылышкан:

- Бүгүн биздин маалымат боюнча, №31 жаза өтөө мекемесине администрация жагынан атайын аскер бөлүгү киргизилген деп айтып атат. 15-20 мүнөт ошол атайын аскер бөлүгүн түрмөдөн чыгарсын деген талап коюшту. Азыр кайра мурдагы режимге кирип иштеп атабыз, - деген түрмө башчы Мейликозу Маматалиевдин маалыматы боюнча, жумушсуздук кендирди кесүүдө.

Айыпкерлерге күнүнө 21-22 сомдук тамак-аш берилет. 300 айыпкер мунапыс мыйзамына ылайык түрмөдөн бошотулат. Каражаттын тартыштыгынан жыгач буюмдарын жасоочу цех бүтпөй турат:

- Негизги проблема - жумушсуздук. Жумуш болсо жакшы болот эле. Бийлик караштырып, кайра цехтерди ачыш керек. Биз азыр аракет кылып өзүбүздүн күч менен эмерек цехин ачтык. ГУИН, юстиция министрлигинин жетекчилери бизге катуу жардам беребиз деп аракет кылып атат.

Түрмөнүн жашыруун калууну каалаган адисинин маалыматы боюнча, кургак учукка 70, CПИДдин вич-илдетине 24 айыпкер чалдыккан. Түрмөдөгү нааразылыкка байланыштуу айыпкерлер туугандары менен жолугуштурулбады. Оштон келген Налима Халилова маңзатын колдонгондукта камалган уулу менен көрүшүү убактын күтүп турду:

- Уулума жолугайын деп келсем, кире албай турам. Мындай иштер болуптур. Баламды көрсөтөбү жокпу билбейм. Азыр ичинде деле коркунуч бар да.

Түрмөдөгү баласынан кабар алмак болгон Базаркоргондук киши эчтеме түшүнбөгөнүн билдирди:

- Биринчи жолугууга келсем мындай-тигиндей дешти. Иштен калып келдим эле. Эми турам кире албай.

Жаза өтөө мекемесинде CПИД илдеттүүлөрдү дарылоого шарттар жетишсиз:

- 24 инсан бар, алардын экөө СПИДге каршы дары-дармектерди алып атат бекер. Бул дары-дармектер глобалдык фонд тарабынан берилген. Медикаменттерди бергенге эч бир акыбалдары жок. Жөнөкөй шприц да бере алышпайт. Түрмөнүн абалы кандай экенин билбейм. Кээ бир оорулардын анализдерин лабораторияларга өзүбүз төлөп алып атабыз, - деди ал жөнүндө облустук СПИД борборунун директору Мамыт Исмаилов.

Түрмө башчы Мейликозу Маматалиев айрым маалымат каражаттары жазгандай түрмөдөн качкандар жок жана оорулууга жардам көрсөтүлбөгөн деген сөз жалган:

- Азыр бардыгы өз ордунда, кадимкидей жумушун кылып атышат. Качкандар жок. Азыр радиодон, ММКлардан берип атат дейт, анын баары жалган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG