Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:14

Милиция кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди


БИШКЕК. 1-ноябрда ички иштер кызматкерлеринин кесптик күнүнө карата салтанаттуу жыйын болуп, ага премьер-министр Феликс Кулов катышты. Жыйын кызматтык милдетин аткарып жүрүп, кылмышкерлердин колунан каза болгон милиция кызматкерлерин эскерүү менен башталды. “Эрдик” медалы менен каза болгондон кийин сыйланган полковник Уран Алиевдин, ага сержант Кубанычбек Манавдин, катардагы милиция кызматкерлери Адилет Абдылмажиновдун, Кайырбек Бейшебековдун сыйлыктарын премьер-министр алардын үй бүлөлөрүнө тапшырды. Ички иштер министрлигинин айрым кызматкерлери 1-2 даражадагы “Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү” үчүн медалы жана ардак грамоталар менен сыйланды.

Кыргызстандын милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде, 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG