Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Украина премьер-министри кызмат сапар менен АКШга келди

Украина премьер-министри Юрий Ехануров кечээ күнү АКШга эки күндүк сапар менен келди, ал вице-президент Дик Чейни жана мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен жолугуп, эки мамлекет ортосундагы мамилелерди талкуулайт. Андан тышкары Ехануров - Украинанын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү маселеси боюнча дагы талкуу жүргүзөт, анын айтымында, Украина бул уюмга сөзсүз Орусиядан мурда кошулууга тийиш:

- Эгер Дүйнөлүк соода уюмуна Орусия мурда мүчө болуп кошулса, анда Украина эч качан ал уюмга кире албай калат. Бул жөнөкөй жана түшүнүктүү нерсе, ошондуктан биздин алдыбызда турган максат ачык - биздин мамлекет уюмга Орусиядан мурда мүчө болууга тийиш жана биз ошентебиз.

Таңкы эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады
XS
SM
MD
LG