Үч жылга уланган сүйлөшүүдөн кийин, АКШ жетекчилиги Бириккен Улуттардын Адам укуктар башкармалыгынын эксперттерине Куба аралындагы Гуантанамо базасына келүүгө уруксат берди, бирок эксперттер андай чакыруудан азырынча баш тартууда анткени базада кармалган туткундар менен жекеме-жеке сүйлөшүүгө уруксат берилген жок. Коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, андай чечимди өкмөт кабыл алды:
- Бул чечимди Пентагон эмес, өкмөт кабыл алды, ал база канчалык ачык болушу мүмкүн экени, кайсы жана канча уюм ага келе алаары - саясий маселе.
Анткен менен Эл аралык кызыл чырым уюму мурда туткундар менен жолугууга уруксат алган. Базада террорчулуктан шектелген жана дүйнөнүн ар башка мамлекеттеринде туткунга түшкөн беш жүзгө жакын адам кармалат.