Иран президенти Махмуд Ахмединежад Садек Махсулини мунай министрлигине дайындады. Бул кызмат Иран өкмөтүндө өтө маанилүү деп эсептелет. Анткени Иран ири мунай экспорттоочу өлкө. Иран өкмөтү ошондой эле чет өлкөлөрдөгү элчилер массалык түрдө алмаштырылаарын билдирди. Тышкы иштер министри Манучер Моттакинин айтымына караганда, келерки жылдын март айына чейин 40 мамлекеттеги элчилер жаңыдан дайындалат.