Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Жалалабат түрмөсүндөгү абал калыбында


ЖАЛАЛАБАТ. Жалалабаттагы эмгек түзөтүү колониясында кооптонууга негиз жок. Кырдаал түрмө кызматкерлери менен абаккананы кайтарган жоокерлердин көзөмөлүндө. Мекемедеги 965 айыпкер күндөлүк турмушу менен алек. Ачкачылык жарыялагандары жок. Түрмөдөгү абалды журналисттер келип, өз көздөрү менен көрсө да болот. 1-ноябрда камакты жандап өткөн эки көчөнүн төрт бурчуна коюлган автоунаалар менен милиция шейшемби күнү кечинде алынган, унаалар жүрчү жол ачык. Айрым маалымат каражаттары кээ бир айыпкерлердин жана үчүнчү күчтөрдүн жалган сөздөрү аркылуу туура эмес билдирүүлөрдү таратышып, абалды курчутууга аракеттенүүдө. Түрмөнүн дарыгерлери оорулуу айыпкерлерге күндөгү дары-дармегин таркатышууда, бирок алар тамак-иш ичкени менен дарыны кабыл албай жатышат. Мындай маалымат 2-ноябрда түрмөнүн жетекчилиги менен дарыгерлерден жана облустук бийликтен алынды. 1-ноябрда «АКИпресс» агенттиги Жалалабатта жаткан Николай аттуу айыпкердин медициналык жардамга муктаж 30 адамга жардам көрсөтүлбөгөнүн жана №8, 31-колонияларды колдоо иретинде 1050 айыпкер мөөнөтсүз ачкачылык жарыяладык, деген маалыматын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG