Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга нота жолдоду


БИШКЕК. Шейшембиде жолдонгон бул нотада Өзбекстандын Анжиян облусу менен чектешкен Кыргызстандын Барак анклав кыштагынын эли чек ара жана бажы тосмолорунан өтүүдө кыйынчылыктарга тушугуп жатканы, тактап айтканда, жергиликтүү калк өндүргөн айыл чарба продукцияларын анклавдан Кыргызстандын аймагына алып чыгууга мүмкүнчүлүк жоктугу белгиленип, өзбек тараптан чек арадан өтүү тартибин жөнөкөйлөштүрүү маселесин тез арада чечүү суралган. Ошондой эле кыргыз тарап эки өлкө жетекчилери 1996-жылы кол койгон түбөлүк достук тууралуу келишимге жана буга чейин чек ара аймактарынын жергиликтүү бийликтеринин ортосундагы эки тараптуу макулдашууларга ылайык, бул маселенин оң жагына чечилишине үмүт артаары, маселенин өз ара түшүнүүчүлүк менен оң чечилиши эки элдин достук мамилелерин жана кызматташтыгын чыңоодо маанилүү кадам болоору жазылган. Бул тууралуу малымат Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан 2-ноябрда алынды.

Карасуу районуна караштуу Барак анклавынын тургундары буга чейин Президент Бакиевге өзбек чек ара тосмолорунан өтүүдөгү кыйынчылыктар тууралуу даттануу катын жөнөтүшкөн. Анда мурдагы президент Акаевге Барак кыштагынан Кыргызстандын чегине өзбек тосмо бекеттерисиз каттай турган коридор-жол ачтырып берүү боюнча нечен жолу арыз жазылганына карабай эч натыйжа чыкпагандыгын эскертишип, ушул зарыл милдетти аткарууну азыркы бийликтен суранышкан.

XS
SM
MD
LG