Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:45

Айрым абактарда ачкачылык уланууда


БИШКЕК. 27-колонияда 1-ноябрдан бери абактагы 500дөй адам ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу аталган колонияда жазасын өтөп жаткан адам атын атабоону суранып, “Азаттыкка” телефон аркылуу буларды билдирди:

- Абакта 500дөй адам ачкачылыкта. Алар түрмөдөгү жашоо-шартты жакшыртууну талап кылышууда. Мен орозо кармап атам, бирок кадимкидей эле тамак-аш даярдалып сунуш кылынып жатат. Ачкачылык кармагандар өздөрү баш тартып жатат.

Юстиция министри Марат Кайыпов айрым бактарда ачкачылык уланып жаткандыгын тастыктады. Министрдин айтымында, учурда 1-колонияда жана айрым тергөө абактарындагылардын айрымдары ачкачылык кармашууда. Алар Азиз Батукаевдин телефон аркылуу берген буйругун аткарып жатышат, дейт Марат Кайыпов. Министр билдиргенге караганда, Жаза өтөө башкармалыгынын жетекчиси Капар Мукеев бүгүн ачкачылык кармап аткандарга теле жана радио аркылуу кайрылып, өлкөдөгү кырдаалды жана 1-ноябрдагы окуянын чыныгы жүрүшүн түшүндүрөт. Марат Кайыповдун малыматына караганда, №8 жана №31 колонияларга чабуул учурунда төрт адам каза таап, экөө жарадар болгон.

Ал эми президент Курманбек Бакиев абактарда болуп жаткан окуяларды өлкөдө кырдаалды курчуткусу келген күчтөрдүн акыркы аракети катары баалайт. Мамлекет башчы мындай пикирин өкмөт үйүндө болгон маалымат жыйынында айтып, соттолгондор 20-октябрда үч адамды өлтүргөндө 31-колониядагыларга эмне үчүн дароо күч колдонулбаганын тергөө аныктаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG