Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:07

Өзбекстандагы куугунтуктоолор боюнча АКШ өкмөтү тынчсыздануу билдирди


АКШнын Мамлекеттик катчылыгы кечээ күнү тараткан билдирүүгө караганда, өзбек өкмөтү тарабынан кармалган оппозициялык саясатчы Санжар Умаровдун абалы тууралуу АКШ өкмөтү өтө тынчсызданат. Мамлекеттик катчылыктын өкүлү Шон Маккормактын айтымында, америкалык өкмөт өзбек жетекчилигине кайрылып, ал тууралуу кошумча маалымат берүүнү талап кылууда:

- Бул мисал жана Анжиян окуялары менен байланыштуу башка да учурлар боюнча биз өзбек өкмөтүнөн так маалымат берүүнү талап кылып жатабыз жана андай аракеттерди дагы улантабыз. Биздин оюбузча, абал өтө опурталдуу.

Октябрда кармалган Умаровдун жардамчыларынын айтымында, ал азыр абакта эс-учун жоготкон абалда жатат.

XS
SM
MD
LG